Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:36

УКМК президентти сындагандарды издей баштады


УКМК соцтармактарда президент Алмазбек Атамбаев тууралуу маал-маалы менен терс пикир жазып жүрөт деген адамдарды иликтеп, айрымдарын суракка чакырып жатканы белгилүү болду.

10-январда интернетте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басары Болот Сүйүнбаевдин Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Ирина Карамушкинага жөнөткөн каты жарыяланды. Анда атайын кызмат Фейсбукта президентке акарат келтирди деген жалпысынан 45 адам аныкталганы айтылат жана онунун аты-жөнү ачык көрсөтүлгөн.

УКМКнын соңку аракети коомчулукта кызуу талкуу жаратты.

Тизмедегилердин таржымалы

Атайын кызматтын төрага орун басары Болот Сүйүнбаевдин депутат Ирина Карамушкинага жолдогон расмий катында аты аталган он адамдын арасында Фейсбукта Сава Сыргатай деген ат менен отурган Савринса Сыргатаева дагы бар.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун 55 жаштагы тургуну, дыйканчылык менен алектенген Сыргатаева президент Алмазбек Атамбаевге акарат келтирген делген адамдардын катарына кирип калганына таң калып отурат:

- Мен андай катты, катта менин аты-жөнүм бар экенин интернетке жарыяланганда гана билдим. Мага айрым тааныштарым “эже, сиз дагы жүрөсүз" деп айтышты. Мен Атамбаев тууралуу терс пикир жазган эмесмин. Негизи Атамбаевди шылдыңдап, ар кандай сүрөттөр менен келекелөөнү жаман көрөм. Ал жакшыбы, жаманбы, президент болуп тургандан кийин аны шылдыңдаганды туура көрбөйм. Адам катары өзүн сыйлабаса да, отурган ордун, ээлеген кызматын сыйлаш керек деп эсептейм. Мен аны шайлабасам да аны кайсы бир адамдар шайлады да. Мага УКМКдан эч ким чалган да, чакырган да жок. Ошол катта аты аталган адамдар чет өлкөдө дешкен экен. Мен чет өлкөдө эмес, Базар-Коргондо жашайм.

Савринса Сыргатаева
Савринса Сыргатаева

Сыргатаева айрым учурда парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге байланыштуу айтылган оң пикирлерди, маалыматтарды жактырып, бөлүшүп коюп жүргөнүн, балким ушундан улам атайын кызматтын "кара тизмесине" илинип калган да болушу мүмкүндүгүн боолголойт:

- Мен Фейсбуктан жаңылыктарды окуйм. Илгери гезит окучу элек, азыр эми интернетке өтпөдүкпү. Дүйнөдө, өлкөдө эмне болуп жатат деп кызыгып турам. Макал-лакаптар, кыргыз тили тууралуу ой-пикиримди жазам, бөлүшөм. Мен буга чейин жазгандарымды барактап көрсөм Өмүрбек Текебаев боюнча жазылгандарды жактырып, бөлүшүп койгон экенмин. Азыр эми балким ушул шылтоо болдубу, айтор билбейм. Мен өзүмдүн актыгымды далилдегенге даярмын. Эгер атайын кызмат далилдей албаса, анда алар мени каралаганы үчүн кечирим сурашы керек.

УКМКнын катында Тойчубек Акматали уулу дегендин да аты аталган. Буга байланыштуу Түркияда билим алып жүргөн айрым кыргыз жаштары аны коргоп, атайын кызматка жана коомчулукка кайрылуу жолдоду. Анда Акматали уулу Түркияда былтыртан бери билим алып жатканы, президентке байланыштуу терс пикир жазбай турганы айтылган. Депутаттарга, атайын кызматка ”мындай майда нерселер менен алектенбей, учурдагы маанилүү маселер менен алектенишсин” деген кеңеш айтылган.

Депутат чара көрүүнү өтүндү

Атайын кызмат Алмазбек Атамбаевге акарат келтирген дегендердин сары изине түшкөнү боюнча азырынча түшүндүрмө бере элек. Катта аты аталбаган, президентти маал-маалы менен сындап жүрөт деген дагы 35 адамды аныктоо иштери жүрүп жатканы айтылат.

Ал арада Жалал-Абад облусунун ондон ашык тургуну социалдык тармактарда Алмазбек Атамбаев тууралуу жазгандарына байланыштуу коопсуздук кызматына бир канча күн сурак бергени, айрымдары эскертүү алганы маалым болду. Бирок УКМКнын аймактагы бөлүмү бул маалыматты бышыктай элек.

Биз чуулгандуу кат тууралуу депутат Ирина Карамушкинадан комментарий алууга аракет жасадык. Ал “Вести.кж” сайтына гана түшүндүрмө бергенин, анын пикири менен ошол жактан таанышып алышыбыз керектигин айтты.

Бул сайтка берген түшүндүрмөсүндө Карамушкина Атамбаевге акарат келтиргендер тууралуу атайын кызматтын төрага орун басарынан кат келгенин ырастаган. Ал каттын таржымалын учкай айтып берген. Ага ылайык, былтыр октябрь айында депутатка шайлоочулардан президентти социалдык тармактарга жамандагандарга чара көрүлүшү керек деген өтүнүч менен кайрылуу келген. Ошол кайрылуунун негизинде депутат УКМКга кайрылган.

Карамушкина сөз эркиндигин урматтай турганын, бирок атайын кызмат президент тууралуу айткандарды тескеп турушу керектигин белгилеген.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев да ушундай пикирге кошуларын айтты:

- Мен депутат болуп турганда бул маселени бир канча жолу көтөргөм. Президентибизди эл шайлаган. Анан ар ким эле Фейсбукка кирип алып, түшүнүп-түшүнбөй эле ар нерсени жаза бергени туура эмес. Булардын баарын көзөмөлдөш керек. Шайлап алган президентибизди жөнсүз сындаган туура эмес. Сын деле туура айтылышы керек. Президентти келекелегендерге, шылдыңдагандарга чара колдонулушу керек.

"Президентибизди жактайм"

“Азаттык” бул катты Фейсбукка Нургүл Кожомбердиева аттуу колдонуучу жайгаштырганын, Ирина Карамушкинага кайрылуу жөнөткөнүн иликтеп чыкты.

Биз Кожомбердиеванын өзү менен байланыштык. Ал президентке акарат келтиргендерге чара колдонуу тууралуу депутатка кайрылганын бышыктады жана муну атуулдук милдет деп түшүндүрдү:

- Былтыр октябрь айында Фейсбукта мурунку президент Курманбек Бакиевди колдогон, Атамбаевди жамандагандар менен айтышып кеткем. Алар азыркы президентке жаман сөздөрдү айтып, ага сөз тийгизишкен. Мен аны коргосом шылдыңдап, мазакташкан, айтпагандын баарын айтышкан. Кимдир бирөөлөр атайлап отуруп алып, мурунку бийликти мактап, азыркы президентти каралап, түндүк-түштүккө бөлүп, бул үчүн акча да алып, чагым уюштуруп жатат. Мен ушундан улам досторумдун кеңеши менен атайын кызматка кайрылгам. Ал жактан мага депутаттарга кайрылсам болорун айтышкан. Мен парламенттин коомдук кабылдамасына барып 120 депутаттын баарына кайрылуу мүмкүн эмес болгондуктан Ирина Карамушкинанын атына кайрылуу жазгам. Ал жакка терс пикир жазгандар тууралуу маалымат, ошол жазылгандардын көчүрмөлөрүн да тиркегем. Мен өлкөмдү, президентибизди жактадым. Бул - менин атуулдук парзым.

УКМК "Мурчту" Жети-Өгүздөн издеди

УКМК "Мурчту" Жети-Өгүздөн издеди

Фейсбукта "Мурч" шакаба баракчасына тиешеси бар деп Жети-Өгүз районунун тургуну Жоомарт Жамгырчиевди УКМК кызматкерлери аңгемелешүүгө чакырды.

Атайын кызматтын социалдык тармактарды колдонуучуларды тескей баштаганы коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Анда бул аракеттерди айыптаган, сөз эркиндигине, демократиялык принциптерге басым катары баалаган пикирлер арбууда. Атайын кызматтын мурдагы төрага орун басары Марат Иманкуловдун ырасташынча, чекисттер ыйгарым укугунан аша чаап жатат:

- Бул атайын кызматтын ыйгарым укугу эмес. Эгер алар андай эле кыйын болсо президент гана эмес, башка адамдар тууралуу жазылган терс пикирлерди, каралап-жамандагандарды да текшеришсин. Анда алар мындай адамдардын баарын табышсын. Башка адамдарды, саясатчыларды, бийликте отурбагандарды да жамандап, ыплас сөздөрдү жазып жатышканын көрүп эле жатпайбызбы.

УКМКнын социалдык тармактын колдонуучуларын суракка чакырган учуру буга чейин да болгон. Өткөн айда чекисттер Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургуну Жоомарт Жамгырчиевди Фейсбуктагы "Мурч" деп аталган шакаба баракчасына тиешеси бар деп суракка алган эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG