Линктер

дүйшөмбү, 23-январь, 2017 Бишкек убактысы 12:39

Албек Ибраимов кайра мэр болду


Бишкекте шаардык кеңештин депутаттары жаңы мэрди шайлашты. Шайлоо жыйынтыгында шаардык кеңештин депутаттарынын 29у Албек Ибраимовго, ал эми 12cи Нурдин Абдылдаевге добуш беришти. Эки депутат баарына каршы болушту. Бишкек шаардык кеңешинде 45 депутат бар. Мэр болуу үчүн талапкер кеминде 23 добуш алууга тийиш эле. Бишкек шаар башчысы төрт жылга, жаңыдан ишин баштап жаткан шаар кеңеш депутаттарынын ыйгарым мөөнөтү аягына чыкканга чейин шайланат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG