Линктер

жекшемби, 26-март, 2017 Бишкек убактысы 04:03

АКШнын шайланган президенти, миллиардер Дональд Трамп алгачкы маалымат жыйынында Орусия менен эч кандай байланышы, бизнес келишимдери же карыздары жок экенин айтты. Ал орус тарап менен анын бизнесинин ортосунда келечекте кол коюла турган макулдашуулар да жоктугун белгиледи.

Трамп президенттик кызматка киришкенден кийин кызыкчылыктардын кагылышына жол бербестигин, анын кыймылсыз-мүлк жаатындагы бизнесин эки уулу башкараарын кошумчалады.

10-январда америкалык жана британиялык маалымат каражаттары орус чалгын кызматтарында Трампка каршы жеке жана каржылык мүнөздөгү компроматтар бар экенин жазышкан эле.

20-январда ишке кирише турган шайланган президент бул кабарларды “оорулуу адамдар” чыгарган “жалган кабарлар” деп атады.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG