Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Трамп киберчабуулдарга Орусиянын деле катышуу ыктымалдыгын билдирди


Трамп маалымат жыйынына балдары менен келди.
Трамп маалымат жыйынына балдары менен келди.

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп шаршембидеги алгачкы маалымат жыйынында киберчабуулдар тууралуу суроого жооп берип, хакердик аракеттердин артында Орусия турушу мүмкүндүгүн билдирди. Мурда мындай божомолду четке кагып келген Трамп киберчабуулдарды башка тараптар деле, мисалы, Кытай деле жасап коюш ыктымалдыгын кошумчалады.

“Киберчабуулдардын артында Орусия тураарына ишенсеңиз, орус президенти Путинге эмне демекчисиз?”-деген суроого:

- Ал муну кылбашы керек эле. Мен башкарып турганда Орусия бизди көбүрөөк сыйлап калат. Киберчабуулдарды Орусия гана жасабайт. 22 миллион аккаунтту Кытай бузуп кирген,- деп жооп берди.

Трамп 90 күндүн ичинде киберчабуулдардан коргонуу планы иштелип чыгарын айтты. Ошондой эле электрондук каттары ачыкка чыгып кеткен Демократиялык партиянын улуттук комитетин "жакшы коргоно алган эмес" деп айыптады.

XS
SM
MD
LG