Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Казакстанда Бигелды Габдуллиндин ишин кыскартуу өтүнүчү четке кагылды


Central Asia Monitor басылмасынын башкы редактору жана Radiotochka сайтынын жетекчиси Бигелди Габдуллин.
Central Asia Monitor басылмасынын башкы редактору жана Radiotochka сайтынын жетекчиси Бигелди Габдуллин.

Астана соту Central Asia Monitor басылмасынын башкы редактору жана Radiotochka сайтынын жетекчиси Бигелди Габдуллиндин ишин кыскартуу өтүнүчүн четке какты.

Ал опузалап акча талап кылган деп айыпталууда. Габдуллиндин адвокаты Аманжол Мухамедьяров бүгүн бул иш боюнча өткөрүлгөн алдын-ала соттук угууда айыпталуучу өз күнөөсүн мойнуна алып, жабыркаган тарапка келтирилген зыян катары 20 миллион тенге же 60 миң доллар төлөп бергенин билдирди.

Мухамедьяров Габдулинди кылмыш жоопкерчилигинен бошотулушун талап кылды.

Судья Баглан Идрисов суранычты четке кагып, негизги соттук угууларды 17-январга белгиледи.

Габдуллин өткөн жылдын ноябрь айында мамлекеттик кызматтагы адамдарды коркутуп, алардын беделине шек келтирген макалаларды жарыялайм деп акча талап кылган деген айып менен камакка алынган.

61 жаштагы Габдуллин 1990-жылдары президент Нурсултан Назарбаевди сындап жазган макалалары менен белгилүү. Ал 2000-жылдары өз өмүрүнөн коркуп АКШга качып кетүүгө мажбур болгон. Төрт жылдан кийин ал өз саясий көз караштарын өзгөртүп Казакстанга кайтып келип, мамлекетке караштуу Central Asia Monitor басылмасынын башкы редактору болуп дайындалган. Кийинчерээк Radiotochka.kz. маалымат агенттигин негиздеген.

XS
SM
MD
LG