Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:38

Апаатты табалаган Дооталиева иштен алынды


“Манас” аэропортуна жакын жердеги авиакырсыкта набыт кеткендерди табалап, Фейсбукка билдирүү жазган Таттыгүл Дооталиева Медициналык академиянын окутуучусу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз катчысы Абибилла Пазылов билдирди. Чечим Эмгек кодексинин 83-беренесинин 8-бөлүгүндөгү моралдык жосундар эрежесине байланыштуу кабыл алынды.

-Аны иштен бошотуу буйругу бүгүн чыкты. Медициналык академиянын жамааты Дооталиеванын жоругу үчүн кечирим сурайт. Авиакырсыкта курман болгондордун жакындарына, жабыркагандарга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

16-январдагы учак апаатынан соң Таттыгүл Дооталиева мерт кеткендер өлкөнүн түштүк аймагынан болорун айтып, “өздөрүнөн көрсүн, өз жеринде жашашы керек болчу” деген өңүттө Фейсбукка пикир калтырган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Дооталиеванын үстүнөн териштирүү жүргүзүп, ага расмий эскертүү берди.

Гонконгдон Стамбулга баратып, Бишкектеги “Манас” аэропортуна жакын Дача айылына кулаган учак апаатынан кырк чамалуу адам жашоо менен кош айтышты. Арасында Чүй, Нарын, Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун тургундары бар. (SE)

XS
SM
MD
LG