Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:43

Жакупова: президент авиакырсыкта элди колдобой койду


Экс-депутат Чолпон Жакупова президент Алмазбек Атамбаев авиакырсыкка байланыштуу элдин көзүнө көрүнүп, көңүл айтпаганын лидерлик касиетке жатпаган жорук деп сыпаттады.

- Кырсыкка кабылган жарандарга барып, колдоо көрсөтүү бул жакта турсун, телевизордон чыгып көңүл айткан жок. Президент муну менен өз элинин кайгысына ортоктош эместигин көрсөттү. Эл өз кайгысы менен жалгыз калды. Биз - жарандар гуманитардык жардамдарды чогултуп жатабыз. Ыйлап жатабыз. Президент деле көз жашын, кайгысын көрсөтсүн. Калктын башына түшкөн мүшкүл анын да кабыргасын кайыштырганын билдирсин.

Жакупова мындай оор жоготуулар болгон кезде башка өлкөлөрдүн мамлекет башчылары кандай реакция кыларын мисал катары келтирди.

Жакупова: президент авиакырсыкта эл менен болгон жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:28 0:00

Мамлекет башчынын аппаратынын басма сөз кызматы экс-депутаттын айткандары туура эместигин, Атамбаев жагдайды дайыма көзөмөлдөп турарын айтууда.

Гонконгдон Стамбулга бараткан түркиялык Боинг-747-400 жүк учагы 16-январда таңга жуук Бишкектин “Манас” аэропортуна жакын Дача айылына кулап, кыркка жакын киши мер кетти. Айылдагы жыйырмадан ашуун үйлөр кыйраган.

Каза болгондордун төртөө экипаж мүчөлөрү, калгандары айылдагы жашоочулар. Көз жумгандар арасында балдар да бар.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы ошол күнү мамлекет башчынын көңүл айтуусун маалымдаган. 17-январь – Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланган. (SE)

XS
SM
MD
LG