Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:47

Чет өлкөдө майрамдаган бажычылар


Бажы кызматынын төрага орун басары Райымбек Матраимов баштаган Бажы кызматкерлери.
Бажы кызматынын төрага орун басары Райымбек Матраимов баштаган Бажы кызматкерлери.

Бажы кызматынын жетекчилери үй-бүлөлөрү менен жаңы жылды чет өлкөдө тосуп келгени сынга кабылды.

Жогорку Кеңештеги “Бир бол” фракциясынын депутаты Алтынбек Сулайманов бул жагдайды жана Бажы кызматына байланышкан бардык дооматтарды, маселелерди иликтөө үчүн парламентте жумушчу топ түзүүнү сунуштап жатат.

Жыл жаңыраар алдында 200дөн ашык бажы кызматкери эмгек өргүүгө чыкканы, жетекчилик кызматта иштегендердин көбү чет мамлекетте болгону маалым болду. Бул окуя аталган органдагы коррупция тууралуу талкууга жем таштады.

Сулаймановдун сыны

Бажы кызматынын аттуу-баштуу кызматкерлери үй-бүлөлөрү менен жаңы жылды башка мамлекетте майрамдап келгенин Жогорку Кеңештеги “Бир бол” фракциясынын төрагасы Алтынбек Сулайманов айтып чыкты. 16-январда парламенттин Каржы жана бюджет комитетинин жыйынында Бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулаймановду кайсы кызматкери кайда барып келгенин билбейт деп сынга алды.

Жаңы жылды утурлай 230дан ашык бажы кызматкери эмгек өргүүгө чыкканы, жетекчилик кызматтагы аткаминерлер изин жазгыруу үчүн Казакстандын Алматы шаары аркылуу четке чыгып келгени тууралуу маалыматтары менен бөлүштү:

- Бажы кызматынын төрагасынын орун басарынан баштап башкармалыктын, бөлүмдөрдүн башчылары, орун басарларынын баары жаңы жылды чет мамлекетте тосушкан. Алардын көпчүлүгү изин жазгыруу үчүн биздин “Манас” аэропортунан учпай, Алматы аркылуу кетишкен. Жаңы жылды сыртта чардап тосуп жүрүшөт. Сиз кайсы начальнигиңиз кайда экенин билишиңиз керек. Бул деген жөн кызмат эмес, бул Бажы кызматы. Сыртка чыккандардын баары мамлекеттик маанилүү сырды алып жүргөндөр болуп эсептелет. План толбой жатса, булар сыртта майрамдап жүрүшөт. Болгондо да бизнес класстар менен учуп жүрүшөт. Алар каяктан байышкан?

Эгер таза иштеп жаткан болсо булар үй-бүлөсүн алып бизнес класс менен учуп, чет өлкөлөрдө жаңы жыл тосуп жүрүшөбү? Ооба, алар мыйзамдуу эмгек өргүүгө чыккан. Бирок бул маселенин моралдык жагы бар да.
Алтынбек Сулайманов

Сулайманов комитетти жумушчу топ түзүп, Бажы кызматы боюнча айтылган коррупция, кадр саясаты өңдүү дооматтардын баарын иликтеп чыгууну сунуштады:

- Акыркы жылдары прокуратура, дагы башка органдарда ири суммадагы пара менен кармалып жатат. Мен мындайды Бажы кызматынан уга элекмин. Коррупцияга белчесинен баткан орган экенин элдин баары эле билет. Эмне баары таптаза иштеп жатабы? Эгер таза иштеп жаткан болсо булар үй-бүлөсүн алып бизнес класс менен учуп, чет өлкөлөрдө жаңы жыл тосуп жүрүшөбү? Ооба, алар мыйзамдуу эмгек өргүүгө чыккан. Баарын юридикалык жактан тууралап алышкан, эч ким эч нерсе дей албайт. Булар эми “акылдуу” да. Бирок бул маселенин моралдык жагы бар. Бажы кызматында бир эле бул маселе эмес. Маселе көп. Мисалы, бир канча жылдан бери иштеген кызматкерлер азыр биз кабинетте эле отуруп калдык, кечээ эле сырттан келгендер майлуу-сүттүү орундарды ээлеп жатат деп даттанып жатышат. Мунун баарын жумушчу топ түзүп иликтеп чыгышыбыз керек.

Сулайманов Бажы кызматын сындады
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:20 0:00

Бажычылардын жообу

Бажы кызматы эмгек өргүүгө чыккан кызматкерлери боюнча кыскача түшүндүрмө таратты. Анда 232 кызматкер мыйзамдуу эмгек өргүүгө чыкканы айтылат.​

Бажы кызматынын маалымат катчысы Жаманак Мүсүрканов алардын ичинен ондон ашыгы гана үй-бүлөлүк себептер менен чет өлкөдө болушканын маалымдады. Алар ички коопсуздук кызматынан мамлекеттик сырды сактоо боюнча көрсөтмө алган деп ишендирди:

- Азыр көбү эле уу-дуу кеп болуп жатпайбы. 2016-жылдын 31-декабрь күнү үч кызматкер чет өлкөдө болгон. Жаңы жылдан кийин сегиз кызматкер сыртка чыгып келген. 200дөн ашык кызматкер сыртка эс алды деген жалган кеп. Алар мыйзам боюнча эмгек өргүү мөөнөтү келип, ошону алган кишилер.

“Райым миллиондун” ийгилигинин “сыры”

“Райым миллиондун” ийгилигинин “сыры”

Айрым байкоочулар Райымбек Матраимов Ош бажысын бир канча жыл жетектеп турганда коррупция тыйылбаганын, бул тармак оңолбогонун белгилеп жүрүшөт.

Ишенимдүү булактардын маалымдашынча, чет өлкөгө чыгып келгендердин арасында “Райым миллион” деген каймана ат менен таанымал Бажы кызматынын төрага орун басары Райымбек Матраимов дагы болгон.

Кадр тандоонун түйшүгү

Кадр кызматынын мурдагы жетекчиси Чолпонкул Арабаевдин пикиринде, бул окуя коомчулукта мамлекеттик кызматкерлер боюнча айтылган дооматты күчөттү. Ошондуктан башка аткаминерлерге сабак болгудай чаралар көрүлүшү керек деген оюн айтты:

- Албетте, алардын кайда болсо да эс алганга конституциялык укугу бар. Бирок мамлекеттик кызматкер өлкөдөгү бүгүнкү шартты, ал-акыбалды эске алышы керек. Азыр эми Бажы, Салык кызматы кирешелүү тармак деп эсептелет. Мен Кадр кызматын жетектеп турганда ушул кызматка кадрларды алганда калп аныктагычтан өткөрүп, элек менен иргеп алганга аябай аракет кылганбыз. Колу тазалар, жүрөгү тазалар келсин, кадрларды иргейли дегенде эки көзүбүз төрт болуп жатпайбы. Эгер мамлекетибиз бай болуп, элибиздин баары жыргап жашап жаткан болсо анда бир жөн. Бул жерде этиканы сөзсүз айтышыбыз керек. Жогорку Кеңеш бул маселени туура көтөрүп жатат. Бул окуя башка мамлекеттик органдарга сабак болгудай болсун.

Чолпонкул Арабаев.
Чолпонкул Арабаев.

Коомдук иликтөөлөр институту бейөкмөт уюмунун башчысы Рита Карасартова Бажы кызматы өңдүү “майлуу-сүттүү” органдардагы коррупция маселелерине токтолду:

- Биз 20 жыл реформа жүргүзүп жатабыз дегенибиз менен Бажы, Салык, Социалдык фонд өңдүү иши акча каражатын кармоо менен байланышкан органдарда кыйраткан деле реформа жүргөн эмес. Бүгүнкү күндө акчабыз жок деп ыйлап жүрөбүз, бирок акча кармаган органдарда коррупция гүлдөп эле жатат. Мына бүгүн эле Соцфонддо миллиондор желип кетти деген жаңылык чыкты. Кыргызстанда коррупциялык айла-амалдарды түзүп алган, аны ийгиликтүү ишке ашырган жана тапканын аларды көзөмөлдөгөн, тескеген органдар менен бөлүшө билген кызматкер “мыкты” кызматкер болуп саналат. Бажы кызматынын ошончо кызматкери үй-бүлөсү менен чет өлкөгө эс алганы кеткен көрүнүш өнүккөн мамлекеттерде да жок.

Кыргызстанда таасирлүү кызматтарда отурган аткаминерлердин эс алуусун чет өлкөлөрдө өткөргөнү көнүмүш адатка эле айланып калган. Президент Алмазбек Атамбаев дагы соңку кездери эмгек өргүүсүн башка мамлекеттерде өткөрүп жүрөт. Ал жакында эле Кытайда эс алып келди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG