Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:59

Дача СУ: мыйзамсыз курулуштун азабы


Учак кыйраган Дача айылы
Учак кыйраган Дача айылы

38 адамдын өмүрү кыйылган учак кырсыгынан кийин аэропорт тегерегинде жашоо мыйзамсыз экени ачыкка чыкты.

Авиация тармагындагы эреже боюнча учуу тилкесинен кеминде үч чакырым аралыкта курулуш, имарат болбоого тийиш. Бирок эл жыл бою жашап келген Дача айылында бул талап сакталган эмес.

16-январдагы учак кырсыгынан кийин элдин көңүлү Дача айылына бурулуп, адистер бул жерде туруктуу жашоо мыйзамсыз экенин айтып чыгышты. Мамлекеттик архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба агенттиги да буга кошулат.

Сокулук районунун башкы архитектору Бекболот Жанузаков бул жерди элге дача катары бөлүп берүү чечими 1986-жылы кабыл алынганын “Азаттыкка” маалымдады:

- “Аэрофлот” деген дачалуулар жамаатына 20 гектар 20 сотых жер бөлүнүп берилген. Жайкысын гана баш калкалоочу үйлөр курулууга тийиш эле. Туруктуу жашоого, турак жай салууга уруксат берилген эмес. Анткени, аймак аэропорттун учуу-конуу тилкесине өтө эле жакын жайгашкан.

Дача айылынын келечеги бүдөмүк

Дача айылынын келечеги бүдөмүк

16-январда түрк учагы кулаган Дача СУ айылында калдыктарды чогултуу, тазалоо иштери дагы деле жүрүп жатат. Окуядан соң айыл калкы психологиялык жактан жабыр тарткандыктан, дарыгерлер жеринде үймө-үй жардам көрсөтүп жүрүшөт.

Авиация тармагындагы адистердин баамында, Дача айылы эң кооптуу аймакта орун алган. Жарандык авиация департаментинин мурдагы директору Эрмек Өмүралиев эреже боюнча учуу тилкесинен кеминде үч чакырым аралыкта курулуштун болушу талапка жооп бербей турганын, бирок ага бийлик да, эл да көңүл бурбай келгенин айтат:

- Жарандар авиацияны жакшы түшүнө бербейт. Учак тилкеге коно албай калган кезде, авариялык абал жаралган маалда ошол жердеги аянтча бош болушу керек.

Советтер союзу мезгилде дача катары колдонулган конушта Кыргызстан эгемендик алгандан кийин жер тилкелери колдон колго сатылып, чоң үй куруп туруктуу жашагандар көбөйгөн. Ал жердеги жашоочулар бул курулушту мыйзамдаштыруу жана айыл макамын берүү өтүнүчү менен тиешелүү органдарга бир нече жолу кайрылыптыр.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жер тилкелерин көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Айнура Кенжебаеванын айтуусунда, элдин суранычынын негизинде эки жыл мурун өкмөттүк жана депутаттык комиссия түзүлгөн:

- Эмне үчүн убактылуу жашай турган жерге эл туруктуу жашап алды деген маселени иликтөө үчүн 2014-жылы түзүлгөн комиссия дале иштеп жаткан болчу. Комиссия аэропортко жакын жайгашкан 11 дачаны иликтеп чыкканда, алардын ичинен үчөө гана эрежеге дал келген. Калганы аэропорттун тегерегинде жайгашкан тилкеге тиешеси бар. Дачанын ичинде жарандардын туруктуу жашаганы мыйзамсыз. Юридикалык документте да убактылуу жашоого ылайыктуу деп жазылган.

Аэропорт тегерегинде үй куруу көйгөйү бир эле Бишкекте эмес, Жалал-Абад, Ош жана Караколдо да бар. 19-январда бул маселени Транспорт жана жолдор министрлиги талкууламак. Бирок учак кырсыгын иликтөөгө байланыштуу талкуу белгисиз мөөнөткө артка жылды. Ал тапта жашоого кооптуу аймактагы жер тилкелерине кадимкидей эле үй куруп, элдин жашап келгенин эмне себептен ушул кезге чейин эч ким көзөмөлгө алган эмес деген суроо ачык калууда.

Архитектура жана курулуш агенттиги көзөмөлдөө милдетин Экотехинспекцияга оодарса, ал мекеме да текшерүү укугу жоктугун айтууда. Бейшембиде дача көйгөйү парламентте козголуп, айрым депутаттар аны чечүүнүн жолдорун издөөгө өкмөттү чакырышты. “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев аймактарды өнүктүрмөйүнчө, маселени чечүүгө мүмкүн эмес деген көз карашта:

- Кырсыктан жабыр тарткандардын баары аймактардан келгендер экен. Акча табабыз деп Нарындан, Оштон, Баткенден, Жалал-Абад жана Чүйдөн жашаган жерин таштап бул жерге көчүп келишкен. Аймактарды өнүктүрбөсөк, эртең Бишкек шаарын жоготуп алабыз. Мына 440 айыл өкмөт бар болсо, анын 380и дотацияда.

Дача конушунан жер алуу Бишкектин башка аймактарына салыштырмалуу кыйла арзан. Жалпысынан бул жерде 400дөн ашуун жер тилкеси бөлүнүп, ушул кезге чейин анын эки жүздөн ашуунунда эл жашап келген. 16-январда түркиялык учактын кулашынан 38 адамдын өмүрү кыйылды, анын 34ү аталган конушта үй салып же батирди ижарага алып жашап жаткандар эле. Каргашалуу окуядан кийин дачалыктар жер тилке берилсе, башка аймактарга барып жашай тургандыктарын билдирип жатышат. Азырынча бийлик бул маселени карай элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG