Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Пакистанда базардагы жардыруудан 20 киши набыт болду


Дагы 40 чамалуу адам жаракат алганы кабарланууда. Ооганстан менен чектеш жердеги жашылча базарындагы жардырууну жанкечти жасаганын ВВС жазды.

Жардыруу болгон жерди аскерлер курчап, жарадарларды аскер тик учмалары менен алып кетишүүдө. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти пакистандык талиптер алышты. Алар муну Сирия президенти Башар Асадды колдогон мусулман-шииттерден өч алуу максатында жасаганын айтышууда.

2015-жылы декабрда ушул эле базарда жардыруу болуп, 23 киши өлгөн эле.

XS
SM
MD
LG