Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:30

Учак кырсыгынан жабыркагандардын эсебине 47 млн сом чогулду


Кырсыктан жабыркагандарга жардам.
Кырсыктан жабыркагандарга жардам.

31-январь, саат 17:00ге карай ӨКМ тарабынан ачылган бирдиктүү эсепке 47 миллион сом чогулду. 1-февралдан тарта министрликтин аймактардагы кеңселеринде калктан гуманитардык жардам алуу токтотулат. Ал эми акчалай жардамдарды чогултуу азырынча улантыла бермекчи. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат катчысы Элмира Шерипова “Азаттыкка” билдирди.

Буга чейин чогулган тамак-аш, кийим-кече, жылуу төшөнчү сыяктуу гуманитардык жардамдар өкмөт тарабынан түзүлгөн атайын комиссиянын катышуусунда учак кырсыгынан жабыркагандарга таратылып берилет. Комиссияга жабырлануучулар да кирери айтылган.

16-январда "Манас" аэропортуна жакын жерде жүк ташуучу учак кулап, 23 үй жараксыз абалга келген. Кырсыктан 39 киши набыт болгон, алардын 35и жергиликтүү тургундар, калгандары экипаж мүчөлөрү.(ZKo)

XS
SM
MD
LG