Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:24

Чүйдө ири кездеме токуу ишканасы ачылды


Жаңы ачылган ишкана.
Жаңы ачылган ишкана.

Чүй районунда 150 адамды жумуш менен камсыздаган “Текстиль Транс” ишканасы ачылды. Компания жетекчиси Алмазбек Абдраев билдиргендей, 2016-жылдын ноябрынан тарта кездеме чыгарып жаткан ишкана Кытай, Өзбекстан жана Тажикстан алынып келген технологиялык жабдуу жана чийки заттарды пайдаланууда. Күнүнө 10 тоннага чейин продукция чыгара алат.

Ишкананын расмий ачылышына бүгүн өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков катышты.

«Текстиль Транс» кыргыз-орус өнүктүрүү фонду берген жеңилдетилген насыя менен иш баштаган. Долбоордун жалпы баасы 9,5 ммиллион АКШ долларын түзөрүн өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG