Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:16

Журтташтарын тоногон уурулар


Мигранттардын басымдуу бөлүгү кара жумуштарда иштеп, маңдай тери менен акча табышат
Мигранттардын басымдуу бөлүгү кара жумуштарда иштеп, маңдай тери менен акча табышат

Москвадагы кыргызстандык мигранттар арасында батир уурулугу кадимки көрүнүш болуп калды. Бирге жашагандардын буюм-тайым, кийим-кечесин уурдап, жеңил оокатка ык алгандардын сүрөттөрү аты-жөнү менен социалдык тармактарда кеңири жарыяланып турат. Документ текшерүүлөрдөн кооптонгон жабырлануучулар жергиликтүү полицияга деле кайрылышпайт.

Москвада эки жылдан бери жашаган Гүлмира эки жолу уурулардан жабыркаган. Орусияда үй-бүлөсү менен иштегендиктен үч бөлмөлүү батирди ижарага алып, ага кошумча мекендештерге акыга бир орундуу жатак берип келет.

Жакында эле ээрчишкен кыз-жигит бөлмө издеп келип, бир заматта кымбат баалуу мобилдик телефондорун батирден алып чыгып кеткенин айтып отурду.

- Келип бөлмөнү көрүштү. Бала тиш доктур экенин айтты, кыз эмне дегени эсимде жок. “Үчөөбүз жашайбыз, кийимдерибизди азыр таксист алып келет” дешти. “Анда отуруп тургула” деп эле ашканага чыгып кеткем. Телефондон бирөө чалып, аны менен сүйлөшүп калдым. Анан кайра келсем эле кетип калышыптыр.

Орусия: мигранттардын "батир бизнеси"

Орусия: мигранттардын "батир бизнеси"

Жумуштун табылышына жараша кең Москвада көчүп-конуп жашаган мигранттар үчүн эң көйгөйлүү нерсе – батир маселеси.

Уурулукка күчкө толуп турган уландар менен бирге кыздардын да аралашып жатканы эч кимди таң калтырбай калды. Одноклассники социалдык тармагында Орусияда эмгектенген мекендештердин тайпаларында “сызга отургузуп кетти” деген жарыяларда батир ууруларынын аты-жөнүн, сүрөттөрүн көрүүгө болот. Гүлмира "жаш балдар жашаганга үй издеп келип жатса, ишенгиң келет экен" дейт.

- Эч шек санаган жокмун. Кыз аябай жакшынакай, 18 жашта экен. Бала деле жагымдуу көрүндү. Анан бир заматта эле батирден үч смартфонду көтөрүп чыгып кетишиптир. Мурун андайларды угуп эле жүрчүмүн, бирок башыңа келгенче ойлобойт экенсиң. Жапжаш балдар келсе аяйсың да. Жакшы жерде жашап, оокат кылып, ата-энелерине жардам берсин дейсиң.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, учурда ээрчишкен бул улан-кыздын аты-жөнү такталып, издөө иштери жүрүүдө.

Москвадагы ресторандардын биринде иштеген Чыңгыз Кудаяров келинчеги экөөлөп араң топтогон акчасын бир заматта алдырып, ууру делген баланын ата-энесин Кыргызстанга чейин издеп келип, бирок эч кандай жыйынтык чыкпаганын айтат. Акчадан мурун бөтөн жерде паспортторду кайрадан алуу оор болгонун белгилейт.

- Чогуу жашачубуз. Ош облусунун Ноокат районунун Баргы айыл өкмөтүнөн, 23 жаштагы Уланбек деген бала. Келинчегим экөөбүз айылга жөнөтөлү деп 203 миң рубл топтоп, кийимдерибиздин арасына катып койгонбуз. Ошону сумкасы менен көтөрүп кеткен. Анда паспортторубуз бар болчу. Бир айдан кийин бизге телефондон ар кандай нерселерди жазып жүрдү. Кийин Екатеринбургга, андан кийин Тулада жүрөт деп угуп калдык. Кыргызстанга барганда ата-энесин издеп айылына чейин бардым. Атасы полицияга арыз жазайын десек жалынып отуруп токтотуп койгон. Кийин барсам “баламды таап, эмне кылсаңар ошону кылгыла” деп койду.

Орусияда расмий түрдө 600 миңге чукул кыргызстандык иштесе, алардын дээрлик жарымы Москва шаары менен Москва облусуна туура келет.

Өз алдынча батирди ижарага алуу 2-3 айлык маянаны талап кылгандыктан, мигранттар батирде бир адамдык орунга 4-5 миң рубль төлөп, топтошуп жашап келишет.

Жумушка ылайыктап шаар боюнча көчүп-конуп жүргөндөр үчүн эки жүздөй бир күндүк батир мейманканалары да бар. Батирде бир орундук жер берүүчүлөр жана батир-мейманканалардын бадыгы мыйзамсыз иштейт. Андыктан мындай мигранттардын батирлеринде болгон кылмыш иштери көбүнчө мигранттардын арасында көмүскөдө кала берет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG