Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:52

КСДП Текебаевдин Кипр сапарына кызыкты


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңеште “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Өмүрбек Текебаевдин Кипр сапары боюнча маселе көтөрүлдү.

Парламенттин 16-февралдагы отурумунда Социал-демократтар фракциясынын депутаттары Узарбек Жылкыбаев менен Ирина Карамушкина Өмүрбек Текебаев Кипрде мурунку президент Курманбек Бакиев менен жолукту деген түрк интернет сайттарынын маалыматын атайын кызмат текшериши керектигин айтып чыгышты. Жолугушуу тууралуу 15-февралда айрым түркиялык сайттар Кыргызстандагы булактарга таянып жазган. “Атамекенчилер” муну атайылап уюштурулган каралоо деп баалап жатат.

Депутаттар көңүл бурган түрк сайтынын кабары

Парламент жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Узарбек Жылкыбаев УКМК Кипрде Өмүрбек Текебаев менен Курманбек Бакиев жолуккан деген маалыматты чукул арада текшерип чыгышы керектигин айтты. Спикер Чыныбай Турсунбековдон атайын кызматка тапшырма берүүнү өтүндү:

- Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылган, канча жигиттерибиздин өлүмүнө күнөөкөр болгон Бакиев менен депутаттын жолукканы чын болсо, мен муну кыргыз элине болгон чыккынчылык деп эсептейт элем. Ошондуктан муну тез арада так иликтеп чыгуу үчүн сизден тапшырма берүүңүздү сурайт элем. Ушундай тапшырма бериңиз. Анткени бул коомчулукта өтө чоң маселе жаратып жатат. Аны социалдык тармакта, ар кандай чөйрөдө талкуулай бербей, биз парламентте деле талкуулашыбыз керек. Коопсуздук кызматы ушул жерге келип маалыматы болсо бизге берсин. Өздөрүнүн да баасын берсин.

Узарбек Жылкыбаев.
Узарбек Жылкыбаев.

Бул темага КСДП фракциясынын дагы бир депутаты Ирина Карамушкина да токтолду. Ал Текебаевди президент тууралуу соңку билдирүүлөрү боюнча да айыптады:

- Түркиянын расмий "Хаберлер" жана "Тайм түрк" сайттары Текебаев менен Бакиев жолукканын, анда Бакиев каржылык жардам сунуштаганын жазып чыгышты. Бакиев ушундай жол менен жазага тартылуудан сактанып жатат. Текебаев жөнсүз маалыматтарды биринин артынан бирин тарата баштады. Урматтуу төрага жана конституциялык комитеттин төрагасы, мен сиздерден Текебаевдин жүрүм-турумуна көңүл бурууңуздарды жана ал кимдин эсебинен интрига кылып жатканын текшерип чыгууңуздарды суранам. Ал президентти саясий шантаж кылып, коомчулуктун башын маң кылып жатат.

Парламенттин бүгүнкү жыйынына Өмүрбек Текебаев өзү катышкан жок. “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун пикиринде, Кипр сапары тууралуу жалган маалымат таратуунун артында каралагысы келген күчтөр турат:

- Текебаев менен Бакиев жолугуптур деген соо адам ишенбей турган калп. Жалган маалыматты эки депутат айтып чыгып, парламенттин улуу трибунасынын ашмалтайын чыгарды. Жогорку Кеңеште “баканооздук” күнүмдүк жашоого айланып калды. Саясий маданияттуулук, пикир алмашуунун, дискуссиянын этикасы сакталбай калды. Мунун баарына КСДП фракциясынын депутаттары үлгү болуп жатат. Жылкыбаев менен Карамушкина президентке кошомат кылууда. Текебаев менен Бакиев жолуккан дегенди түрк сайттары Бишкекке шилтеме берип жазып жатат. Демек “өрдөк” Бишкектен учкан да. Эми мунун баарын ким уюштуруп жатканы көрүнүп эле турбайбы. Калп маалыматтарды өздөрү түрк сайттарына таратып, анан кайра аларга шилтеме берип, эми өздөрү парламенттин деңгээлине чейин көтөрүп жатат. Мунун максаты “Белизгейт” сыяктуу эле Текебаевди кандай болсо да каралоо. Эми муну адатынча КТРК кайта-кайта көрсөтөт.

"Азаттыктын" Түркиядагы кабарчысы Эльвира Будайчиева Текебаев Кипрде Бакиев менен жолукту деп жазган түрк интернет сайттардын бири - "Тайм түрк" менен кабарлашты. Аталган интернет сайт маалыматты Түркиядагы "Ихлас" кабар агенттигинен алгандыгын билдиришти. Ал эми "Ихлас"кабар агенттигинин тышкы кабарлар бөлүмүнүн өкүлү Япрак Мутлу бул кабарды Кыргызстандагы адамдардан алганын маалымдады:

- Мен айтканымдай эле бул кабарды жиберген адамдын телефонун, аты-жөнүн, дарегин бере албайм. Бул Кыргызстандан, Бишкектен келген кабар болчу.

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Маалыматтар "согушу"

“Ата Мекен” фракциясынын ​лидери Өмүрбек Текебаев өткөн аптада Кипрге жумушчу сапар менен барганда президент Алмазбек Атамбаевдин мүлкү тууралуу айрым бир маалыматтар алынганын, тастыктаган тиешелүү документтер колго тийгенден кийин аны жарыялай турганын айткан:

- Мен Кипрге жумуштар менен барып келдим. Көптөгөн адамдар менен жолуктум. Кыргызстандагы кырдаалга кызыгып, айрым бир маалыматтарга ээ болгон адамдар бар экен. Алар Атамбаевдин өзү айтып жүргөн байлыгы жөнүндө да анча-мынча маалыматтарды билебиз жана андай маалыматтарды тапканга мүмкүнчүлүгүбүз бар дейт. Мен Атамбаевдин байлыктарын расмий иликтеп жатканыма байланыштуу эгер ошондой маалымат таап калсаңар мени менен бөлүшкүлө дедим. Алар таап калса мага сөзсүз түрдө жөнөтө турган болушту. Атамбаев Башкы прокуратурага Текебаев айткан маалыматты текшергиле деп тапшырма бериптир. Бирок мен эч маалымат айта элекмин. Маалымат алдым деп гана айттым. Ал маалыматты ырастаган документтер келгенден кийин коомчулукка жана прокуратурага сөзсүз түрдө берип турабыз.

Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

14-февралда Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевди суракка чакырган. Андан бир күн мурун президент Алмазбек Атамбаев башкы көзөмөлдөөчү органга Текебаевдин соңку билдирүүсүн иликтөөнү тапшырган эле. Азырынча Текебаев Башкы прокуратуранын сурагына бара элек.

Президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөновдун кабарлашынча, Алмазбек Атамбаев Текебаевдин Кипрден алынды деген маалыматтарын текшерүү боюнча баш прокурорго тапшырма берди:

- Президент Алмазбек Атамбаев “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин Кипрден мамлекет башчысынын мүлкү боюнча материалдарды “тапканы” тууралуу айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган билдирүүлөрүн текшерип чыгып, мыйзамда каралган бардык чараларды көрүүнү өлкөнүн башкы прокурору Индира Жолдубаевага тапшырды. Башкы прокуратура текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө президентке жана коомчулукка маалымдоого тийиш.

Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин саясий тиреши, бийлик менен оппозициянын компроматтар “согушу” былтыр күзгө таяп башталган. Анын алкагында апрель окуяларынын кийинки талап-тоноочулук, “Белизгейт” деген ат менен таанымал “Мегакомдун” акциялары боюнча дооматтар айтылган. Атамбаевдин Кой-Таш айылында салынып жаткан үйүнүн жеринин айрым чуулгандуу жагдайлары ачыкка чыккан. Текебаев Атамбаевдин байлыгын, айрыкча 2010-жылдан кийинки киреше-чыгашасын иликтеп чыгарын эскерткен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG