Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:00

"Ихлас" агенттиги: Текебаев тууралуу маалымат Бишкектен келген


“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин Кипрде мурдагы президент Курманбек Бакиев менен жолукканы тууралуу кабарды Бишкектеги адамдар бергенин түркиялык “Ихлас” маалымат агенттиги билдирди. Агенттиктин тышкы кабарлар бөлүмүнүн өкүлү Япрак Мутлунун “Азаттыкка” айтышынча, оппозиция лидеринин Бакиев менен жолугушуусу тууралуу кабар Кыргызстандан алынган.

Аталган агенттик кабар берген адамдын аты-жөнүн айтпай турганын билдирди.

Буга чейин түркиялык сайттар Өмүрбек Текебаевдин мурдагы президент Курманбек Бакиев менен жолукканы тууралуу кабар жарыялаган.

“Ата Мекен” фракциясы бул кабар жалган экенин, ал калп маалыматты бийлик өз кызыкчылыгына колдонгусу келип жатканын айткан.

Бүгүн болсо бийликтеги Социал-демократтар фракциясы бул маалыматты иликтеп чыгууну сунуштаган. (EIB/BkA)

XS
SM
MD
LG