Линктер

ишемби, 25-март, 2017 Бишкек убактысы 15:55

Каракол шаарында бүгүн аймактагы туризмдин абалын талкуулаган жана тармакка инвесторлорду тартуу маселесин караган бизнес-форум өтөт. Уюштуруучулардын бири, “Дестинация Каракол” коомдук уюмунун аткаруучу директору Рахат Жамалова “Азаттык” радиосуна билдиргендей, жыйын жергиликтүү ишкерлерди туризмди өнүктүрүүгө салым кошууга кызыктыруу багытын көздөйт:

-Азыр аймакта туризм менен алектенген ишкерлердин саны акырындап өсө баштады. Заманбап шарттарды түзүп, чет элдик жана жергиликтүү туристтерди тартып жатышат. Алар баштаган жолду улантып, кеңейтүү жаатында форумда сөз кылабыз.

Жамалова кошумчалагандай, буга жергиликтүү бийликтер да кызыгууда.

Бизнес-форумду Каракол мэриясы, “Дестинация Каракол” уюму, ЖИА Ысык-Көл, Бизнес жана инвестицияны өнүктүрүү кеңеши, “USAID уюмунун ишкерликти өнүктүрүү демилгеси” долбоору, Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы биргелешип өткөрүүдө. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG