Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:22

Трамп Орусия чагымчыл аракеттерге жол бербестигине ишенет


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия ар кыл чагымчыл аракеттерге жол берсе эки өлкө мамилесинин оңолушу кыйынга турарын белгиледи.

Трамп 16-февралда өткөргөн кеңири маалымат жыйынында чагымчыл аракет катары Кошмо Штаттардын чыгыш жээктерине орус кемесинин жакындашын атады.

Ошону менен катар Кошмо Штаттардын президенти орус бийликтери ар кандай чагымчыл аракеттерге жол берет дегенге ишенбей турганын кошумчалады.

Трамп Орусия президенти Владимир Путин АКШ менен мамиленин оңолушуна маани берип жатканын, эгер мындай ишеним акталбай калса ар кандай чагымчылыктар болушу мүмкүн экенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG