Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:23

Берлин кинофестивалын венгриялык тасма жеңди


"Берлинале" фестивалы 1951-жылы негизделген.
"Берлинале" фестивалы 1951-жылы негизделген.

Берлин кинофестивалында венгриялык режиссер Ильдико Эньединин “Дене жана жан дүйнө жөнүндө” деп аталган тасмасы мыкты аталып, башкы сыйлыктын же “Алтын аюнун” ээси болду. Бул тасма Будапешттеги мал союучу жайдын башчысы менен текшерүүчү аялдын ортосундагы мамилени баяндайт.

Ишемби күнү өткөн сыйлык тапшыруу аземинде финляндиялык Аки Каурисмяки “Үмүттүн башка тарабы” деген тасмасы үчүн “мыкты режиссер” деп табылды. Калыстар тобу өз сыйлыгын режиссер Ален Гомистин “Фелисите” тасмасына ыйгарды.

Кореялык Ким Мин-хи жана австриялык Георг Фридрих “мыкты актёр жана актриса” деп табылды.

Берлин фестивалына кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубаттын “Кентавр” тасмасы да катышкан.

XS
SM
MD
LG