Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:31

Индия элчилиги кыргыз тилинде китеп чыгарды


Китеп “Өмүр боёктору” деп аталат. Анда Индия акындарынын поэмалары жана ырлары камтылган. Бул китепте индия элинин байыркы ойчул акындарынан тартып, азыркы жазмакерлердин чыгармалары которулган. Китепти котормочу Кубанычбек Басылбеков топтогон. Анын “Азаттык” үналгысына маалымдаганы боюнча, топтомго башка котормочулардын эмгектери да кирген.

Китептин иллюстрациялары президент Алмазбек Атамбаевдин кызы, жаш сүрөтчү Алия Шагиеванын жана Кыргызстандагы Индия элчиси Жаянт Кхобрагаденин сүрөттөрү менен кооздолгон.

2200 нуска менен чыккан бул китеп Кыргызстандын бардык китепканаларына бекер таркатылат. Миң нускасы улуттук китепканага берилди. (SA)

XS
SM
MD
LG