Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Адил Турдукуловдун үстүнөн соттук териштирүү уланат


Активист Адил Турдукулов.
Активист Адил Турдукулов.

20-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Эркин Мамбеталиевдин активист Адил Турдукулов боюнча доо арызын кароону улантат. Турдукуловдун "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, бүгүнкү жараянда анын адвокаты Эркин Мамбеталиев тууралуу массалык маалымат каражаттарына жарыяланган макалаларды сотко тапшырат.

Президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы делген Эркин Мамбеталиев Адил Турдукуловдун үстүнөн өткөн жылы ноябрда сотко кайрылган. Ал "Фейсбуктагы" билдирүүлөр "аброюма шек келтирди" деген негизде арыз жазып, моралдык зыян катары 5 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн. Адил Турдукулов болсо Мамбеталиев тууралуу посттору далилдерди, шилтемелерди келтирүү менен жазылганын билдирип келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG