Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Укук коргоочу мэриянын алдына пикетке чыгат


 Албек Ибраимовду шаар башчылыкка шайлагандан кийинки сыйургал.
Албек Ибраимовду шаар башчылыкка шайлагандан кийинки сыйургал.

Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Бишкек шаар мэриясынын алдына чемодан менен пикетке чыкмакчы. Анын айтуусунда, чемоданда шаар көйгөйлөрү жазылган баракчалар болот:

-Бир чемодан көйгөй турса, биздин мэрибиз кызматына шаарды өнүктүрүү боюнча программасы жок келип отурду. 90 күндүн ичинде көрсөтөт дейт, ага чейин күтө беребизби? Мына ушуга нааразылыгымды билдирүү үчүн бүгүн мэриянын алдына пикетке чыгам.

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов 11-январда шайлоодо 29 добуш менен утуп, 1-февралда кызматына расмий киришкен. Мэр шайлоо күнү аны колдоп жүзгө чукул киши мэриянын алдына митингге чыгып, үн күчөткүч менен “Ибраимов –биздин мэр” деп кыйкырып турушкан. Шаар бийлиги аларга эч кандай реакция кылган эмес.(ZKo)

XS
SM
MD
LG