Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:37

Кар көчкүдө жабыркаган эки адамдын абалы салыштырмалуу оор


Кырсыктан кийин.
Кырсыктан кийин.

Чоң-Алайдын Жаш-Тилек айылында 19-февраль күнкү кар көчкүдө жабыркап, ооруканага түшкөн он адамдын экөө салыштырмалуу оор абалда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы алар аймактык бейтапканада экенин “Азаттык” радиосуна маалымдады.

Кырсыкта эки бала каза тапкан. Болжол менен 25 миң куб метр кар эки турак жайды жана үч сарайды басып калган. Алтымыштан ашуун майда жандык, он бодо мал өлгөн.

Үйү кар алдында калгандар убактылуу мобилдүү үйлөргө жайгаштырылды.

Ушул күнү Кара-Суунун Папан айылында да кар көчкүдөн бир аял мерт кеткен. (SE)

XS
SM
MD
LG