Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:20

Атамбаев көчкү баскандардын жакындарына көңүл айтты


Чоң-Алай. Кар көчкү баскан турак-жай.
Чоң-Алай. Кар көчкү баскан турак-жай.

Президент Алмазбек Атамбаев Ош облусунда кар көчкүдөн курман болгондордун жакындарына көӊүл айтып, аларга керектүү жардамды көрсөтүүнү өкмөткө тапшырды. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, кыйраган үйлөрдү калыбына келтирүү жана набыт болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жабыр тарткандарга жардам берүү боюнча иштер аныкталууда.

Чоң-Алайдын Жаш-Тилек айылында 19-февраль күнкү кар көчкүдө бир үйдөн эки бала каза тапкан. Ошол күнү Кара-Суунун Папан айылында бир аял кар көчкү астында калган.

Чоң-Алайдагы кырсыкта жабыркап, ооруканага түшкөн он адамдын экөө салыштырмалуу оор абалда экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлаган. Болжол менен 25 миң куб метр кар эки турак жайды жана үч сарайды басып калган. Алтымыштан ашуун майда жандык, он бодо мал өлгөн.

Үйү кар алдында калгандар убактылуу мобилдүү үйлөргө жайгаштырылды. (SE)

XS
SM
MD
LG