Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:56

Атамбаев: 23-февраль Мекенин сүйгөндөрдүн майрамы


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды 23-февраль – Мекен коргоочулар күнү менен куттуктады. Президенттик аппараттын басма сөз кызматы тараткан куттуктоодо: “Бүгүн биз Мекенибиз үчүн өмүрүн кыйган, аны урпактар үчүн сактап, мурас кылып калтырган ата-бабаларыбыздын улуу эрдигине, жаркын элесине, элибиздин майтарылбас улуу рухуна таазим этебиз. Бабаларыбыздын куттуу жергебизди көздүн карегиндей сактап, тынчтыкта жана ынтымакта жашагыла деген улуу осуятын аткаруу Мекенин сүйгөн ар бир кыргызстандык жаран үчүн ыйык парз болуп саналат”, - деп жазылат.

Андан тышкары, бул күн Куралдуу күчтөрдүн жоокерлеринин катарында, укук коргоо системасында жана улуттук коопсуздук органдарында кызмат кылып, мамлекеттин, коомдун ар бир жарандын коопсуздугунун сакчылыгында тургандардын сыймыктуу майрамы экени белгиленет.

Президенттин куттуктоосунда 23-февраль - Мекенин, үйүн, ишин, жакындарын сүйгөндөрдүн, келечегин коргоого даяр эр жүрөк жана руху күчтүү жарандардын майрамы экени белгиленген. (SE)

XS
SM
MD
LG