Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:35

Америкалык паралимпиадачы кыргызстандык балдарды машыктырууда


АКШдан келген паралимпиада сноубордчусу Дастин Флеминг Каракол шаарындагы жана калаага жакын айылдардагы балдарды акысыз машыктырууда. Каракол лыжа базасындагы окутууларга колу жука үйлөрдө чоңоюп жаткан жана ата-энеси жок балдар тандалган.Тийиштүү жабдуулар менен АКШнын Кыргызстандагы элчилиги камсыздап берген.

Дастин чакан топторго бөлүнгөн жеткинчектерге өз чеберчилигин көрсөтүп, спорт ыкмаларын үйрөтүүдө. Андан соң балдар кыргыз спортчулары жана лыжа базасынын насаатчылары менен иштешет. (AsM)

XS
SM
MD
LG