Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:22

2020-жылга чейин аймактарды өнүктүрүү концепциясы жазылды


Кыргызстанда жети облус бар.
Кыргызстанда жети облус бар.

Кыргызстанда аймактарды 2017-2020-жылдар аралыгында өнүктүрүү концепциясы иштелип чыкты. Анын бет ачары 22-февралда өкмөттө өттү.

Расмий маалыматка ылайык, Аймактык саясат концепциясы бекитилгенден кийин тандалган ар бир шаарга жана айылга өз-өзүнчө өнүктүрүү программасы жазылат. Бул багыттагы иштерди аткаруу өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү бийликтердин башчыларына жүктөлөт.

Концепцияда 20 шаар тандап алынган. Алар: Бишкек, Ош, Каракол, Балыкчы, Нарын, Кочкор, Токмок, Кара-Балта, Талас, Исфана, Баткен, Кадамжай, Өзгөн, Кара-Суу, Сары-Таш, Таш-Көмүр, Кара-Көл, Жалал-Абад, Кербен жана Кочкор-Ата. Андан тышкары, айрым айылдар да киргизилет.

Учурда Жалал-Абадда бул багыттагы иштер аяктап, ишке ашыруу алдында турат. Каракол жана Ош шаарларында даярдык иштери соңуна чыгып калды.

Экономика министрлиги даярдаган долбоор менен премьер-министр Сооронбай Жээнбеков таанышып, Аймактык саясат концепциясын аткаруу боюнча иш-чаралардын планын өкмөт аппаратына 10-мартка чейин сунуштоону тапшырды. (SE)

XS
SM
MD
LG