Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Бишкек ИИБ Орусия элчилигине кат жөнөттү


Кырсыкка кабылган унаа.
Кырсыкка кабылган унаа.

Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгы орус дипломаты катышкан, адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгын иликтөөгө көмөктөшүүнү өтүнүп, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигине кат жолдоду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек ИИБдан маалымдашты.

16-февралда Бишкекте Орусия элчилигинин Toyota Land Cruiser Prado унаасы менен «Мерседес-Спринтер» кагылышкан. Катуу ылдамдыкта бараткан жолтандабас кызыл жарыктан өтүп жүк ташуучу автоунааны сүзгөнү тартылган видео интернетке тараган. Кырсыктан «Мерседес-Спринтер» автоунаасынын айдоочусу, кыргыз жараны Евгений Лексин каза тапкан. Орус дипломаты Виктор Пухов да ооруканага түшкөн. Аны менен бирге “Роснефть” компаниясынын жетекчи орунбасары Игорь Рясный да болгон. Экөө Кыргызстандан чыгып кеткени кабарланууда.

Окуя боюнча кылмыш иши ачылган.

Маркумдун жакындары дипломатиялык өкүлчүлүктөн эч ким алардын абалын сурабай койгонуна нааразы болууда. Элчилик болсо, жабыркаган тарап менен байланышууга мүмкүн болбой жатканын билдирүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG