Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:12

Бишкекте 60 жаштагы аялды атып кетишти


Бишкекте 60 жаштагы аялды жаш баланын көзүнчө атып кетишти. Ички иштер министрлигинен “Азаттык” радиосуна билдиришкендей, окуя 22-февралда күндүз Аламүдүн-1 кичирайонунда болгон. Маркумду белгисиз кишилер өз үйүндө тындым кылышкан.

Алдын ала маалыматтарга караганда, аялдын жанында бир жашар ымыркай да болгон. Сөөктү алгач мектептен келген небереси көргөн. Ок анын башына тийгени айтылууда. Милиция кылмыш ишин козгоп, шектүүнү издеп жатат.(SE)

XS
SM
MD
LG