Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:41

10 саатка созулган сурак, Самаковду коргогон митинг


Алмамбет Шыкмаматовдун суракка чакырылышына каршы УКМК алдында өткөн митинг. 24-февраль, 2017-жыл
Алмамбет Шыкмаматовдун суракка чакырылышына каршы УКМК алдында өткөн митинг. 24-февраль, 2017-жыл

Депутат Шыкмаматов УКМКда он саат сурак берип чыккандан кийин тарапкерлери жана жарандык активисттер кол чаап, сүрөп тосуп алышты.

Буга депутат Алмамбет Шыкмаматовдун УКМКга суракка чакырылышы себеп болду. Шыкмаматов суракта он саат болду. Депутат сурактан чыккандан кийин анын тарапкерлери жана жарандык активисттер кол чаап, сүрөп тосуп алышты.

Шыкмаматов тарапкерлерине колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирип, буларды айтты: "Тергөө уланат. Колдооңорго чоң рахмат. Мен өзүмдүн актыгымды далилдейм. Менимче баары мыйзам чегинде, адилеттүү болот".

Он сааттан ашкан сурак...

УКМК алдындагы митинг буга чейинкилерге салыштырмалуу уюшкандыкта өттү. Ага 200дөн ашык адам катышып, адатта ыңкылаптар алдында көтөрүлгөн “Кетсин!” урааны атайын кызматтын башчысы Абдил Сегизбаевдин дарегине багытталды.

Нааразылык акциясына Аида Салянова, Каныбек Иманалиев, Садык Шер-Нияз баш болгон "Ата Мекендин" жоон топ депутаттары, Турсунбек Акун, Азиза Абдирасулова өңдүү укук коргоочулар, жарандык активисттер жана көп сандагы Шыкмаматовдун тарапташтары катышты. Жумгалдан атайын келген депутаттын айылдашы мындай деди:

- Жумгалдын өзүнөн, Шыкмаматовдун айылынан атайын келдик. Биз саясий куугунтукту токтотууну талап кылабыз. Эмне үчүн "Ата Мекендин” депутаттарына эле кылмыш ишин козгой берет? Мамлекеттин мүлкүн жеп-ичкендер толтура жүрөт го боштондукта.

Митингге чыккандар көтөргөн плакат
Митингге чыккандар көтөргөн плакат

Митингде сөз алгандар азыркы бийликтин "атамекенчилерге" каршы саясий куугунтугу алар Баш мыйзамдын өзгөртүлүшүнө каршы чыкканда башталганын бир ооздон айтышты. Депутат Каныбек Иманалиев:

- Конституция өзгөрсүн деп 88 депутат добуш берди. Биз, сегиз гана депутат каршы чыктык. Азыр алардын бешөөнө кылмыш иши козголду. Себеби, бул парламентте бийликтин айтканын кылбай, баш ийбей, акыйкаттыкты туу туткандар да бар. Салянова менен Шыкмаматов кыргыздын чырпыгын сындырып, чымчыгын уурдаган эмес. Кылмыш иштери оюн эркин айткандарды коркутуп-үркүтүүнү көздөйт. Биз буга жол бербешибиз керек.

Мындай митингдин далайына катышкан Турсунбек Акун атайын кызматтын алдына Шыкмаматов үчүн эмес, акыйкаттык үчүн келгенин айтууда. Ал азыркы бийликтен саясий куугунтуктарды токтотууну талап кылды.

- Мына карапайым жарандар акыйкаттыкты талап кылып Нарындан, Жумгалдан келди. Эл менен ойнобош керек. Мен оппозициянын өкүлү эмесмин, ошол эле учурда бийликтен кызмат сураган жокмун. Мен чындыкты гана айткым келет. Атамбаев көзүн ачышы керек. Сегизбаев сыяктуу жан-жөкөрлөрүн укса арты жакшы болбойт.

Анткен менен бийлик Шыкмаматовдун ишинде саясий мотив жок экенин айтып келет. УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов Шыкмаматов кылмышы үчүн мыйзам чегинде жооп бериши керек деген пикирде.

- Алмамбет Шыкмаматов ага козголгон кылмыш ишинин негизинде гана суракка чакырылды. Митинг уюштуруу өз абийиринде. Эгерде митинг уюштуруп жатса демек, корко турган иш бар деп ойлойбуз.

Башкы прокуратура "атамекенчи" депутат Алмамбет Шыкмаматовго 2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турганда кызматтык автоунаа сатып алуу үчүн "жасалма тендер өткөрүүгө аралашкан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген негизде 17-февралда кылмыш ишин козгогон. Ишти Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тергеп жатат. Буга чейин Аида Саляновага да кылмыш иши козголуп, атайын кызматка беш сааттан ашык сурак берген.

"Самаковго куугунтук болуп жатат"

24-февралда Нарын облустук бийлик имаратынын алдына Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковду коргоо комитети да митинг уюштурду.

Чогулгандар соттон акыйкаттыкты, экс-депутатты актоону талап кылышты. Мындай акциялар маал-маалы менен жер-жерлерде уюштурулуп жатат. Карганбек Самаков баштаган мурдагы төрт мамлекеттик кызматкерге карата айдоо жерди мыйзамсыз трансформациялады деп козголгон кылмыш иштин негизинде сот жүрүп жатат. Октябрь райондук сотунун акыркы отурумунда мамлекеттик айыптоочу соттолуучуларга 19 жылга чейин жаза чектөөнү соттон сураган.

Карганбек Самаков
Карганбек Самаков

Нарын облустук администрациянын алдында өткөн тынч митингге Карганбек Самаковдун таламын талашып 200гө чамалуу киши чыкты. Алардын бири Нарын районунун Жан-Булак айылынан келген Чынара Молдакматова мындай деди:

- Самаков канчалаган кишиге жардам берди. Азыр да жардам берип келатат. Манасты, шырдакты, ЮНЕСКОго киргизди. Ушундай балабызды 19 жылга камап салса Нарын эли жөн отуруп калбайт. Жөө жүрүшкө чыгабыз. Ачкачылык жарыялайбыз.

Карганбек Самаковду коргоо комитетинин 20 миңден ашуун мүчөсү бар дейт анын төрөгасы Ал буга чейин башка облустарда да ушундай эле нааразычылык акциялар уюштурулуп жатканын айтты:

- Бул жерде Самаковго кылмыш ишинин козголушу кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн болуп жатканы көрүнүп турат. Саясий куугунтук болуп жатат. 2015-жылы Карганбек Самаковго кылмыш иши козголгондо биз аны коргоо комитетин түзгөнбүз. Анын бардык облуста 20 миңден ашуун мүчөсү бар. Биз Самаковду коргоо үчүн кандай болсо да болгон күчүбүздү жумшап аракет кылабыз.

Чогулгандар Нарын районун акими Түгөлбай Жанбоевдин шаардык мэриянын жыйындар залына кирип сүйлөшүү сунушун колдогон жок:

Бирок соттун акыйкат чечимин күтөбүз деп тарап кетишти. Эки күн мурда Самаковдун кичи мекени болгон Нарын районунун 8-март айылында анын тарапкерлери айыл өкмөттүн имаратынын алдында да митинг уюштурган.

Карганбек Самаковго, мурдагы премьер-министр Игорь Чудиновго, мурдагы вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевге жана мурдагы айыл чарба министри Арстанбек Ногоевге каршы кылмыш иши 2015-жылы май айында козголгон.

Ишти карап жаткан Октябрь райондук сотунун 14-февралындагы отурумунда мамлекеттик айыптоочу айыпталуучуларга мүлкүн мамлекетке алуу менен 19 жылдан 11 жылга чейин жаза чектөөнү өтүнгөн.

Аталган мурдагы мамлекеттик жана саясий ишмерлер Чүйдүн Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айылдарында 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялаган деп айыпталууда.

Самаковду коргогондор митингге чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:28 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG