Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Депутат Шыкмаматов 10 саат сурак берип чыкты


Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматов УКМКдан сурак берип чыкты. Депутаттын тарапкерлери жана жарандык активисттер Шыкмаматовду кол чаап, сүрөп тосуп алышты.

Шыкмаматов тарапкерлерине колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди: "Тергөө уланат. Колдооңорго чоң рахмат. Мен өзүмдүн актыгымды далилдейм. Менимче баары мыйзам чегинде, адилеттүү болот".

Депутат Шыкмаматов УКМКда он саат бою сурак берди. Бүгүн депутаттын тарапкерлери жана жарандык активисттер бир күн бою УКМКнын алдында митинг өткөрүшүп, президент Алмазбек Атамбаевден оппозицияны куугунтукка алууну токтотууну, УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетишин талап кылышты.

Башкы прокуратура Шыкмаматовго 2011-жылы Эсептөө палатасынын аудитору болуп турганда кызматтык автоунаа сатып алуу үчүн "жасалма тендер өткөрүүгө аралашкан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген негизде 17-февралда кылмыш ишин козгогон. Ишти Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тергеп жатат.

XS
SM
MD
LG