Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Ошто кардан улам үйүнө кете албай жүргөн мургабдыктар жолго чыгышты


Тажикстан
Тажикстан

Үч жумадан бери мекенине кайта албай Ошто жүргөн мургабдык кыргыздар кечээ кечинде жолго чыгышты. Алардын бири Алмаз Замиров Сары-Таш - Мургаб жолун тажик тарап да, кыргыз тарап да кардан тазалабаганын айтты.

Мургабдыктар 21 күндөн бери Ошто жолдун ачылышын күтүп жаткан. 15 машинеге отурган боордоштор 80 чакырым кооптуу жолду басып өтүшмөкчү.

Ош - Мургаб унаа жолунун узундугу 500 чакырым. Тажикстандын Мургаб районундагы этникалык кыргыздар тамак-аш, тиричилик буюмдарын алуу үчүн Ош шаарына тез-тез келип турушат.

Быйылда Тажикстандын тоолуу аймактарында кар калың түшкөн. Январда эле бул өлкөдө 250 жолу кар көчкү жүргөн. Өлкөнүн Чукул кырдаалдар комитети ашууларда, тоолуу аймактарда абал кооптуу бойдон кала бергенин эскертип, өтө зарыл болбосо, калкты жолго чыкпоого үндөп келет. (YI)

XS
SM
MD
LG