Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:51

Ошто ишкерди өлтүрүп кетишти


Кечээ Ош шаарында өз үйүнөн чыгып келатканда МПА май куючу станциялардын биринин башчысын өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу «Азаттыкка» өздүк булактар кабарлашты.

Маалыматка караганда 34 жаштагы ишкерди таң эрте үйүнүн алдында, балта менен башын жанчып өлтүрүшкөн.

Окуяны Ош шаардык милициясы да ырастады. Бирок кылмышкерлер азырынча табыла электигин билдиришти.

Мындан бир апта мурун ушул эле МПА май куючу станцияларынын туундусу болгон «Petroleum» станцияларынын башчысы Оштогу ресторандардын биринде бычакталып аман калган. Ал кылмышка шектүү делген үч адамдын бири кармалган болчу. (YI)

XS
SM
MD
LG