Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:30

Spiegel: Германияда атайын кызмат журналисттерди тыңшаган


Федералдык чалгындоо кызматынын логотиби
Федералдык чалгындоо кызматынын логотиби

Германиянын атайын кызматы ондогон жылдардан бери эл аралык маалымат каражаттарынын редакцияларына байкоо салып жүргөнүн Der Spiegel журналы маалымдады. Федералдык чалгындоо кызматынын байкоосунда Британия жана АКШ гезиттери болгон.

Германиянын чалгындоосу 1999-жылдан бери эл аралык басылмалардын 50 телефон номурун, электрондук дарек жана факстарын тыңшап, байкап келген. Алардын арасында Лондондогу BBC телеканалынын Ооганстандагы өкүлчүлүгү, The New York Times гезити жана Reuters агенттигинин Ооганстан, Пакистан жана Нигериядагы өкүлчүлүктөрү тыңшалып турчу. ФРГ бийлиги азырынча маалыматка комментарий бере элек.

“Чек арасыз репортерлор” уюму бул кабарды “сөз эркиндигине чабуул” катары баалады. Уюм активисттери журналисттер коомчулугу менен бирге атайын кызматка арыз даярдап жатышат. Бул кабарга ВВС каналы да тынчсыздануусун билдирди.

XS
SM
MD
LG