Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:11

"Ата Мекендин" мүчөсү Дүйшөнкул Чотонов кармалды


Дүйшөнкул Чотонов "Азаттыктын" студиясында, 2010-жыл
Дүйшөнкул Чотонов "Азаттыктын" студиясында, 2010-жыл

Жогорку Кеӊештин мурдагы депутаты, «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновду УКМК кызматкерлери кармап кетти. Бул тууралуу «Азаттыкка» «Ата Мекен» партиясынын активисттери кабарлашты. Маалыматка караганда, Чотоновду саат 6.30дарда үйүнөн кармап кетишкен.

26-февралда Башкы прокуратура оппозициядагы «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге карата кылмыш ишин козгогон. Аны Венадан ЕККУнун жыйынынан Бишкекке учуп келгенде өткөн түнү УКМК кармаган эле.

Учурда ал Коопсуздук органынын убактылуу кармоочу жайында 48 саатка камакка алынды.

Башкы прокуратура Текебаевди 2010-жылы «Альфа Телеком» компаниясы боюнча орус ишкери Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган деп айыптоодо.

Мындан соӊ Леонид Маевскийдин бул иш боюнча видео тасмасы интернетке тараган.

Анда Маевский 2010-жылы Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов менен бир нече жолу жолукканын жана 1 миллион доллар бергенин айтып берген.

Дүйшөнкул Чотонов буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министри, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп эмгектенген.

Чотонов ага бул иш боюнча коюлган айыпты четке кагууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG