Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:46

Урумканова: “Сентябрь” каналын өчүрүү аракети болду


"Сентябрь" каналынын логотиби
"Сентябрь" каналынын логотиби

Үзгүлтүккө учураган санариптик берүүдөгү экинчи мультиплекс төрт сааттан кийин кайра жанданды. Бул тууралуу “Сентябрь” каналынын жетекчиси Кайыргүл Урумканова билдирди. Анын айтуусунда, бүгүн таңкы саат үчтөн баштап экинчи мультиплекске кирген 21 каналдын бардыгы эфирден чыкпай калды. Урумканова муну бийликтин “Сентябрь” каналын токтотуу аракети катары баалап жатат:

- Таңкы үчтө Өмүрбек Текебаевди кармоо операциясы башталгандан тарта “Сентябрь” каналынын сигналы дагы чыкпай калды. Бирок “Сентябрь” экинчи мультиплекске киргендиктен биздин канал менен чогуу 21 канал эфирден чыкпай калды. Санарипте “Сентябрды” жалгыз өчүрүү мүмкүн эмес. Ошондуктан башка каналдар дагы эфирден чыкпай калгандан кийин эртең мененки саат жетиден кийин бийлик айла жок кайра сигналды туташтырды деп ойлоп жатам.

Санариптик берүүнүн экинчи мультиплексине бир катар мамлекеттик жана НТС, “7-канал”, “ON1”, “НБТ”, “Сентябрь” өңдүү каналдар кошулган.

25-февралда Башкы прокуратура оппозициядагы «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге карата кылмыш ишин козгогон. Аны Венадан ЕККУнун жыйынынан Бишкекке учуп келгенде өткөн түнү УКМК кармаган эле.

Учурда ал Коопсуздук органынын убактылуу кармоочу жайында 48 саатка камакка алынды.

Башкы прокуратура Текебаевди 2010-жылы «Альфа Телеком» компаниясы боюнча орус ишкери Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган деп айыптоодо.

Мындан соӊ Леонид Маевскийдин бул иш боюнча видео тасмасы интернетке тараган.

Анда Маевский 2010-жылы Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов менен бир нече жолу жолукканын жана 1 миллион доллар бергенин айтып берген.

Ошондон кийин Дүйшөнкул Чотонов да кармалды. Ал Өзгөчө кырдаалдар министри, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп эмгектенген. Чотонов бул иш боюнча коюлган айыпты четке кагууда. (SDz)

XS
SM
MD
LG