Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:59

УКМК: Текебаев боюнча тергөө аракеттери жүрүүдө


УКМКдагы акциялардын бири.
УКМКдагы акциялардын бири.

Бүгүн «Манас» аэропортунда кармалган «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев боюнча УКМК тергөө аракеттерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган органдын расмий өкүлү Рахат Сулайманов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, тергөө аракеттери жүрүп жаткан учурда Текебаев аталган органда кармалат.

Бүгүн таңкы саат үчтөрдө “Манас” аэропортуна Түркиядан конгон учактан “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди УКМК кызматкерлери кармап кетти. Мындан соӊ УКМКнын имаратына алып келинген.

Текебаевдин адвокаты саясатчынын 48 саатка камакка алынганын билдирген эле.

25-февралда Башкы прокуратура “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге Кылмыш-жаза кодексинин “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча УКМКдан келген материалдардын негизинде иш козгоду. Башкы көзөмөл органдын маалыматында Текебаев орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы бир млн доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин каражатты кошумчасы менен кайтарып берерин айткан. Бирок “Мегаком” сатылбай калып, Текебаев орус жаранына акчаны бербей койгон.

Текебаев өзүнө карата козголгон иш күтүлгөнүн, УКМК тарабынан атайын пландалганын билдирген. (BkA)

XS
SM
MD
LG