Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Карамушкина: топтолгон фактылар Текебаевдин күнөөсүн далилдейт


Ирина Карамушкина
Ирина Карамушкина

Камакка алынган «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш иши боюнча топтолгон фактылар анын күнөөсүн далилдейт. Бул тууралуу бийликтеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина «Азаттыкка» билдирди.

Анын оюнча, Текебаевдин бул коррупциялык иштерге катышы тууралуу маалыматтар буга чейин эле айтылып жүргөн. Акыркы күндөрдөгү көрсөтмөлөр аны тастыктап жатат.

Карамушкина Текебаев күнөөсүз экенин сотто далилдеши зарыл деген пикирин кошумчалады.

Бүгүн таңкы саат 3төрдө “Манас” аэропортуна Түркиядан конгон учактан “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди УКМК кызматкерлери кармап кеткен жана ал 48 саатка камакка алынганы кабарланган.

25-февралда Башкы прокуратура “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге Кылмыш-жаза кодексинин “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча УКМКдан келген материалдардын негизинде иш козгогон. Башкы көзөмөл органдын маалыматында Текебаев орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы бир млн доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин каражатты кошумчасы менен кайтарып берерин айткан.

Өмүрбек Текебаев өзүнө карата козголгон иш УКМК тарабынан атайын пландалганын билдирген. Ал акыркы айларда Атамбаевдин байлыгын, айрыкча 2010-жылдан кийинки киреше-чыгашасын иликтеп жүргөн жана президентке импичмент жарыялоо демилгесин да көтөргөн.

Текебаевге козголгон кылмыш иштин алкагында Дүйшөнкул Чотонов да кармалды. 2010-жылдан кийин Өзгөчө кырдаалдар министри, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп эмгектенген Чотонов бул иш боюнча коюлган айыпты четке кагууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG