Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:16

Орусияда Борис Немцовду эскерген иш-чаралар өтөт


Немцов 2015-жылдын 27-февралында Москванын чок ортосунда киши колдуу болгон.
Немцов 2015-жылдын 27-февралында Москванын чок ортосунда киши колдуу болгон.

Орусиянын шаарларында эки жыл мурун киши колдуу болгон оппозициялык саясатчы Борис Немцовду эскерүү иш-чаралары өтөт. Немцовдү эскерген жүрүш бийлик менен алдын ала макулдашылган. Бүгүн боло турган эскерүүгө 30 миңдей адамдын катышуусу күтүлүүдө.

Эскерүү иш-чарасы бир катар шаарда белгиленди. Кировдо активисттер шаар администрациясында пикет өткөрмөкчү. Ал эми Нижний Новгороддо уюштуруучулардын өздөрүнө темир тосмолорду ала келүү тапшырмасы берилген. Томск шаарындагы эскерүү акциясын бийлик 28-февралга жылдырса, Архангельск мэриясы иш-чара өткөрүүгө тыюу салды.

Немцов 2015-жылдын 27-февралында Москванын чок ортосунда киши колдуу болгон. Тергөө ага адамдар буйрутма менен кол салганын айтып келет жана сот азыркы чейин уланууда. (SDz)

XS
SM
MD
LG