Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:21

Текебаевдин тарапкерлери милициянын тосмосун бузууга аракет кылды


Митинг өтүп жаткан УКМКнын жанындагы милициянын автобусу.
Митинг өтүп жаткан УКМКнын жанындагы милициянын автобусу.

УКМК алдында турган митингдин катышуучулары “Ата Мекен” партиясынын лидерин бошотууну талап кылып, атайын кызматтын имаратына киргенге аракет кылышты. Ошол эле учурда митингдин катышуучуларынын арасында чагымга алдырбоого чакыргандар да бар.

Ушул тапта митингде 500дөй киши бар экенин ал жердеги байкоочуларга таянып, “Азаттыктын” кабарчысы билдирди. Текебаевди жактап акцияга чыккандар арасында партиялаштары, саясатчылар, мурдагы депутаттар, жөнөкөй жарандар жана жарандык активисттер бар.

Митингдин катышуучулары “Текебаевге боштондук”, “Сегизбаев кетсин” деп кыйкырышууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко митингде сүйлөп жатып, УКМК имаратынын артында өзгөчө даярдыктагы аскер кызматкерлери турганын айтты.

Текебаевдин таламын талашкандар бүгүн Ош шаарында жана Жалал-Абаддын Базар-Коргон кыштагында да чогулуп, бийликке талаптарын айтып тарап кетишти.

Өмүрбек Текебаев 26-февралдын түнү Түркиядан келген учурда “Манас” аэропортунан кармалып, УКМКга 48 саатка камакка алынган. Башкы прокуратура ага орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин кошумчасы менен кайтарып берерин айткан деген негизде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Өмүрбек Текебаев өзүнө карата козголгон иш УКМК тарабынан атайын пландалганын билдирген. Ал акыркы айларда Атамбаевдин байлыгын, айрыкча 2010-жылдан кийинки киреше-чыгашасын иликтеп жүргөн жана президентке импичмент жарыялоо демилгесин да көтөргөн.

Текебаевге козголгон кылмыш иштин алкагында Дүйшөнкул Чотонов да кармалды. 2010-жылдан кийин Өзгөчө кырдаалдар министри, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп эмгектенген Чотонов бул иш боюнча коюлган айыпты четке кагууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG