Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:06

Орусияда Борис Немцовду эскерген жүрүш өтүүдө


Cанкт-Петербургдагы жүрүш.
Cанкт-Петербургдагы жүрүш.

Орусиянын Москва, Санкт-Петербург жана башка бир катар башка шаарларында Борис Немцовду эскерген жүрүш болууда. Акция бүгүн, 26-февралда Москва убактысы менен түшкү саат экиде башталды. Борбор калаадагы акцияга 15 миндей адам катышып жатканын жергиликтүү айрым маалымат булактары кабарлап, түз эфирде көрсөтүп жатышат.

Катышуучулар азыркы бийликтин оппозиция өкүлдөрүнө мамилесин сындаган пикирлерин журналисттерге билдиришти. Абалды күч кызматкерлери көзөмөлдөп турат.

Жүрүштү “Солидарность”, “Парнас”, “Яблоко”, “Открытая Россия”, “5 декабрь партиясы” либералдар партиясы, “Выбор России” жана башка саясий жана коомдук уюмдар уюштурду.

Борис Немцов 1990-жылдары орус өкмөтүндө бир катар жогорку кызматтарда иштеп, 2000-жылы оппозицияга өткөн. 2015-жылы 27-февралда Москванын борборунда атып кетишкен. (SE)

XS
SM
MD
LG