Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:31

Сегизбаев Текебаевди кармоого жети себеп болгонун айтты


Өмүрбек Текебаевди кармоого орус жаранынын арызы сыяктуу жети себеп бар болчу. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештеги фракция лидерлеринин жыйынында УКМК башчысы Абдил Сегизбаев айтканын "Азаттыкка" "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев билдирди.

Төрөбаевдин белгилешинче, Сегизбаев ошондой эле Текебаевдин ден соолугу жакшы экенин, ал дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатканын гана айтып, башка маалыматты берүүдөн тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу деген негизде баш тарткан. (SDz)

XS
SM
MD
LG