Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:47

Сасыкбаева: кийинки аракетибиз сот чечимине жараша болот


“Ата Мекен” партиясынын саясий кеңеш мүчөсү Асия Сасыкбаева оппозициянын мындан кийинки аракеттери соттун чечимине жараша болорун митингчилердин алдында сүйлөп жатып билдирди:

- 48 саат аралыгында биз Өмүрбек Текебаевди чыгара албай калдык. Эми соттун чечимин күтүп туралы. Соттун чечимине жараша кийинки аракеттерибизди жасайбыз.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин баш коргоо чарасы бүгүн Биринчи Май райондук сотунда каралмак. Азырынча оппозиционер сотко алып келине элек.

Райондук сот имаратынын айланасында 300 чамалуу киши чогулуп, сотту күтүп турушат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG