Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:19

Өмүрбек Текебаевге адвокаты киргизилди


Бул тууралуу “Ата Мекен” фракциясынын катчылыгы кабарлады. Маалыматка ылайык, бүгүн саат 15:00дөн бери адвокатты Текебаевге жолугушууга киргизбей жатышкан. Ошондуктан, адвокаттар Өмүрбек Текебаевдин кармалып турган жерин билүү үчүн УКМКга барганда алардын бири жолугушууга киргизилген.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин баш коргоо чарасы бүгүн Биринчи Май райондук сотунда каралмак. Азырынча оппозиционер сотко алып келине элек.

Райондук сот имаратынын айланасында 500 чамалуу киши чогулуп, сотту күтүп турушат. Текебаевди бошотуу талабы менен митингчилердин бир бөлүгү Коопсуздук кызматынын алдында турушат.(SDz/ZKo)

XS
SM
MD
LG