Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:34

Базар-Коргондо Текебаевдин тарапкерлери тарашты


Базар-Коргондогу митингчилер.
Базар-Коргондогу митингчилер.

Өмүрбек Текебаевдин бошотулушун талап кылып Базар-Коргон районунда нааразылыкка чыккан жүз чамалуу адам акцияны эртең улантарын айтып, кечки саат тогуздарда тарашты. Бишкек-Ош жолунун боюна митингге чогулган жүз чамалуу киши эл өкүлүнө карата адилеттүү чечим кабыл алынуу талап кылышты. Күндүз алардын саны 300 чамалуу болгонун байкоочулар билдиришти.

"Ата Мекен" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин Бишкектеги жүздөгөн тарапкерлери караңгы киргенине карабай митингди улантып жатышат.

Текебаевдин баш коргоо чарасы Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралмак. Бирок азырынча сотко келе элек.

“Ата Мекен” партиясынын лидери коррупцияга шектелип, 26-февралда түнкү саат үчтө кармалган. (SE\RsK)

XS
SM
MD
LG