Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Текебаевдин баш коргоо чарасы башка жакта каралууда


Өмүрбек Текебаев Бишкектин түштүк тарабындагы аскер сотунун мурдагы имаратына алып келинген. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Чынара Жакупбекова билдирди:

- Мен Улуттук коопсуздук кызматынын имаратында эки сааттай күтүп турдум. Мага эч кандай маалымат бербей жатышып, тергөөчү кечинде телефон чалып чакырды. Көрсө Текебаевди мурда эле алып келишкен экен.

Учурда адвокат сот болуучу имаратка кирип кетти.

Аскер сотунун мурдагы имаратын курчай 200дөн ашуун милиция кызматкери турат.

Ошондой эле имараттын алдына “Ата Мекен” фракциясынын мүчөлөрү, Текебаевдин тарапкерлери чогулууда.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 26-февралда саат үчтө “Манас” аэропортунан кармалып, 48 саатка камалган. Анын тергөө убагындагы баш коргоо чарасы 27-февралда Биринчи Май райондук сотунда каралмак. (UEz/ZKo)

XS
SM
MD
LG