Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Отунбаева саясий күчтөрдү биригүүгө чакырды


Кыргызстандагы акыркы окуяларга байланыштуу мурдагы президент Роза Отунбаева саясий күчтөрдү биригүүгө чакырды.

Саясий күчтөрдүн биригиши зарыл экенин экс-президент Роза Отунбаева “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев камакка алынган соң айтып чыкты. Ал өлкөдө күч алып жаткан репрессияларды биргелешип токтотууга чакырды.

Өлкөдөгү түзүлгөн кырдаалды талдоо, өз келечегибизди баамдоо максатында бардык саясий күчтөр коомдук диалогду баштап, кеңири саясий консультацияларды уюштурушу керек деп кайрылам”.

Ошондой эле мурдагы президент быйыл өтчү шайлоодо өлкө бийлигин тынчтык жол менен өткөрүүгө шарт түзүү зарылдыгын белгиледи.

Президенттиктен кеткени саясий билдирүүлөрдөн карманып келген Роза Отунбаеванын билдирүүсү анын саясатка кайтуусу катары кабыл алынды.

Коомдук ишмерлер адилеттикке үндөшөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:55 0:00

Экс-президенттин оппозиция лидерлеринин бири Текебаевдин камалышынан кийинки саясий консолидация тууралуу чакырыгы өзгөчө талкууланып, акыркы мезгилде чачыранды болгон оппозициянын турумун бекемдейби деген суроолорду жаратты. Буга кошумча Текебаев кармалган соӊ өлкөдө Саясий күчтөрдүн бириккен штабы түзүлөрү кабарланган эле. “Ата Мекен” фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев бул штабды мурдагы президент Роза Отунбаева жетектеши мүмкүн экенин билдирген.

Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Эмилбек Каптагаев мурдагы өлкө башчынын чакырыгын эң ириде өлкөдөгү туруктуулукту сактоо менен байланыштырды:

- Быйылкы шайлоону мыйзам чегинде, ачык-айкын өткөрүү биздин чоң милдетибиз. Көпчүлүк саясатчыларды да, карапайым адамдарды кабатыр кылган маселе ушул. Кайра башынан башаламан болуп, кыйроо, кан төгүү болуп кетпейби деген коркунучту болтурбоо баарыбызды ойлондурат. Мына ушундай абалга мамлекетти жеткирбөө үчүн бардык күчтөр өз ара сүйлөшүшү керек. Сүйлөшүп эле жөн койбой, айрым саясий топтор позициясын жумшартып, ийге келиши керек.

Ошол эле учурда Каптагаев акыркы кырдаалга байланыштуу Убактылуу өкмөттүн бир катар мүчөлөрү кеңешүүлөрдү өткөрүп жатканын кошумчалады. Бирок бийликтеги күчтөр азыркы шартта экс-президент айткандай атайын диалогго муктаждык болбогонун ырасташууда.

Социал-демократтар фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаровдун айтымында, парламентте ар түркүн күчтөр ортосундагы толук кандуу диалог бар:

- Бүгүн кошумча саясий диалогго муктаждык деле жок. Себеби парламент иштеп жатат. Андагы оппозициячыл күчтөр өз пикирин айтып жатат. Анын диалогго чакырып жатканы, кайсы бир киши мен айткандай кылгыла, мен ойлонгондой ойлонгула деп шарт койгону туура эмес.

Анткен менен эксперт Элмира Ногойбаева өлкөдөгү кырдаал курчуп баратканын көпчүлүк түшүнбөй жатканын белгилейт. "Муну сезген экс-президент аргасыздан кайрылуу менен чыгууга мажбур болду", - дейт Ногойбаева:

- Отунбаева Текебаевдин кармалышы менен башталган репрессиялык саясатка байланыштуу негиздүү чочулап жатат. Анткени президент бул жаатта чабуулга өттү. Өлкөдөгү коррупция, жогорку кызматтарда түркүн күмөн жараткан адамдардын отурганы, учурда Текебаевдин кармалышы көптөгөн суроолорду жаратты. Ошондуктан, митингдер өтүп, Отунбаеванын чакырыгын Текебаевди колдоо эле эмес, өлкөнүн келечегине байланыштуу чочулоо катары кабыл алуу болот.

Ногойбаева саясий күчтөр жөн гана бирикпестен, алдыдагы программасын да аныктап алганы маанилүү экенин белгилейт.

Ал эми “Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов “Азаттыкка” билдиргендей, репрессияга каршы чакырык оппозициянын мобилизациясына негиз боло албайт:

- Жөн гана репрессияга каршы биригүү деген нерсе туура эмес деп ойлойм. Куру сөз болуп калат. Ал эми мыйзамдуулукту сактоо үчүн биригүүгө болот. Ошол эле учурда кимдер оппозиция экенин да аныктоо зарыл. Маселен, биздин партияны оппозиция деп жарыялоого болбойт.

Ошол эле учурда акыркы кырдаал көпчүлүк күчтөрдү биригүүгө түртөт деген пикирлер да бар. Саясий эксперт Эмил Жураев мындай учурда саясий күчтөрдүн биримдиги канчалык бекем болот деген суроо маанилүү экенин белгилейт:

- Албетте, көпчүлүк күчтөр учурга ылайык ушундай иштин маанисин көрүп жатса керек. Бирок узакка карай шайлоо болорун эске алганда, оппозициячыл күчтөрдүн ортосунда ажырым көп. Ошондуктан, мындай союздар, биригүүлөр принципиалдуу негизде бекем болбосо, алардын тарыхы узакка созулбайт.

Кыргызстанда президенттик шайлоо алдында дайыма саясий күчтөр ортосунда биригүү тууралуу талкуулар күчөйт. Акыркы учурда ар түркүн саясий форумдар өтүп жатат. Бийликтен четтеген ар түркүн саясатчылардын башын кошкон бул аянтчада биригүү тууралуу сөз боло элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG