Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:55

Текебаевдин тарапкерлери өкмөт өкүлүнүн келишин талап кылууда


Өмүрбек Текебаевдин жактоочуларынын тынч митинги 1-марттан бери уланууда. Базар-Коргон.
Өмүрбек Текебаевдин жактоочуларынын тынч митинги 1-марттан бери уланууда. Базар-Коргон.

Базар-Коргон районунун Акман айылында Ош-Бишкек жолунун боюнда митинг өткөрүп жаткан депутат Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн келишин талап кылышты. "Азаттык" радиосунун кабарчысы билдиргендей, алар өкмөттүн облустук өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев төрт күндөн бери келип талап укпай жатат деген нааразылык билдиришүүдө.

Өмүрбек Текебаевдин жактоочуларынын тынч митинги 1-марттан бери уланууда. Алар Ош-Бишкек каттамынын жээгине эки боз үй тигип алышкан. Текебаев бошотулмайынча, акция токтобой турганын айтып жатышат. Аймакта абалды 50дөй тартип коргоо органы көзөмөлдөп турат.

Буга чейин нааразы тарап каттамды тосуу аракетин көргөн, бирок күч кызматкерлери ага жол берген эмес. Алар алгач район акимчилигинин алдына чогулуп, боз үй тигишкен. Жергиликтүү бийликтин тыюусунан кийин аны жол боюна көчүрүп келишкен.

Текебаев орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алган деп айыпталууда. Өзү бул айыпты саясий куугунтук деп баалап жатат. (RsK)

XS
SM
MD
LG