Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:47

Түндүк Корея төрт ракетасын сынады


Түштүк Корея коңшусунун ракета сыноосун айыптады.
Түштүк Корея коңшусунун ракета сыноосун айыптады.

Алардын үчөө бир миң чакырым аралыкка учуп барып Жапонияга караштуу сууга келип түштү. Бул тууралуу Жапония өкмөт башчысы Синдзо Абэ 6-мартта парламентте билдирди. Синдзо Абэ Пхеньяндын ракета сыноосун сынга алып, ал Улуттар Уюмунун чечимдерин бузат деди.

-Бул атуулар Түндүк Корея коркунучтун таптакыр жаңы деңгээлине чыкканын көрсөттү.

Түштүк Корея да Пхеньяндын ракета сыноосун айыптап, Американын ракетадан коргонуу системасын өз жерине жайгаштырууга чакырды. Андай максат Түндүк Корея эле эмес, Кытайдын да каршылыгын жаратып келатат.

Түндүк Кореянын 6-мартта атылган ракеталары кандай түрдөгү ракета экени айтыла элек. Эксперттер ал АКШга жете турган континент аралык ракета эместигин кабарлашууда. Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын АКШ менен Түштүк Кореянын өткөн жумада башталган аскерий машыгууларына карата олуттуу чара көрүлөрүн билдирген эле. (AiT)

XS
SM
MD
LG