Бишкекте Нооруз майрамында эл аралык сүмөлөк фестивалы өтөт. Аны “Кыргыз тилектештиги” коомдук бирикмеси уюштуруп жатат.
Демилгечилердин айтымында, иш-чарага Кыргызстандын жети облусунан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан өкүлдөр келишет.
Сүмөлөк 20-мартта кайнатылып, 21-март - Нооруз майрамында элге таратылат. Азыр фестивалды кайсы жерде өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
Сүмөлөк майрамы Бишкекте былтыр да уюштурулуп, 11 казанда бышырылган. (SE)