14 кыргызстандык кыз-келин өрттөн набыт болгон Москвадагы “Печатный экспресс” басмаканасынын кожоюну Сергей Москвин жана башкы инженер Антон Яцковдун абактагы мөөнөтү 27-апрелге чейин узартылды.
Мындай чечимди Москва шаардык соту кабыл алганын орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Аталган адамдарга басмаканада коопсуздук эрежелерин толук камсыз кылган эмес деген айып тагылган.
Былтыр август айында Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн он жети киши каза тапкан. Анын ичинен он төртү кыргызстандык кыз-келиндер болгон.(BkA)